Кыргызгидромет билдиргендей, 21-августка караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан чачын жаабайт..
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +13... + 18, күндүз + 27... + 32,
Талас облусу түнкүсүн +9... + 14, күндүз +24 ... +29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +15... + 20, күндүз +29... + 34,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +10... + 15, күндүз + 22 ... +27,
Нарын облусу түнкүсүн +8... + 13 күндүз, + 22 ... +27.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +30...+32 градус болот.