USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Чүй облусунун салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

17:31, 01 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2024-жылдын 30-июлунда мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестринин алкагында автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган кылмыш ишинин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча кылмышка шектүү катары кызматтык бөлмөсүндө пара алып жаткан учурда Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору Б.А.А. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, кармалган жаран «З.П.К.» ЖЧКсынын башкы эсепчисинен пландуу салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгарып берүү үчүн 35 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

УКМК тарабынан башка кызмат адамдарынын салык чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика