Кыргызгидромет билдиргендей, 1-августта Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20...+25, күндүз +34...+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32.
Нарын облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +37...+39 градус болот.