Кыргызгидромет билдиргендей, 31-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36,
Баткен облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +26...+31.
Нарын облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +33...+35 градус болот.