Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым аймактарда жаан нөшөрлөп жашайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +33...+35 градус болот.