22:13
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Евро — 2024: Түркиялык футболчу ишараты үчүн 2 беттештен четтетилди

УЕФА Түркиянын улуттук курама командасынын оюнчусу Мерих Демиралды эки беттештен четтетти.

Евро 2024түн 1/8 финалында Австрия менен болгон жеңиш матчында дубль киргизген түрк коргоочу, эми Нидерландия менен болгон чейрек финалда, ошондой эле ийгиликтүү болсо жарым финалда да командасына жардам бере албайт. УЕФАнын басма сөз кызматы Демиралды дисквалификациялоо чечимин жарыялады.

Мындай чечимге футболчунун командасынын голдорунун бирин белгилеп жатканда көрсөткөн ишараты себеп болгон. Футболчу көрсөткөн «Бозкурт» белгиси улутчулдардын ишараты катары бааланат. Бул белги Европанын бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган. Аны түрктөр өздөрү тарыхый-маданий символ деп эсептешет. Чемпионат өтүп жаткан Германияда бул белги Конституцияны коргоо боюнча федералдык ведомствонун көзөмөлүндө жана эки ача кабылданууда.

Ошол эле учурда Түркиянын футбол федерациясы бүгүн улуттук кураманын коргоочусу Мерих Демиралды эки оюнга дисквалификациялоо чындыкка коошпой турганын билдирди. «Мерих Демирал УЕФА тарабынан эки матчка четтетилди» деген баш сөз менен чыккан кабар чындыкты чагылдырбайт. Бизде эртең таңга чейин бул ишти коргоого убакыт бар", — деп айтылат алардын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 26 жаштагы Демирал Евродо дубль жасаган алгачкы түрк футболчусу жана Европа чемпионатынын плей-офф баскычында эң тез голдун автору болду.

Эң көп окулган жаңылыктар