04:55
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанда чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылды

Кыргызстанда Бириккен улуттар уюму атындагы чоку пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда президент БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке сартификаты тапшырды.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда 159 чоку жана 9959 мөңгү бар. Акыркы 50 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн саны 1262 чарчы километрге азайган.

Аталган чоку Чолпон-Ата шаарындагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жанындагы Сары-Жаз тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт. Бул чоку эми президенттин 1-июлундагы жарлыгына ылайык «Бириккен УлуттарУюмунун чокусу» деген географиялык аталыш ыйгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар