Эртең, 25-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +21...+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24.
Бишкекте түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус ысык.