19:46
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Кыргызстандык калыстар футбол боюнча дүйнө чемпионатын тейлешет

Кыргызстандык Калыстар корпусунун өкүлдөрү Вероника Бернацкая менен Рамина Цой U-20 кыз-келиндер дүйнө чемпионатын тейшелет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биринчилик 31-августтан 22-сентябрга чейин Колумбияда өтөт. Ага жалпысынан 24 курама команда катышуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн Калыстар корпусунан бул турнирге Кыргызстандын гана өкүлдөрү дайындалды.

Вероника Бернацкая — FIFA`нын калысы, ал эми Рамина Цой — FIFA`нын калыс жардамчысы болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар