19:47
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн Польшада күрөш боюнча эл аралык турнир башталат

Бүгүн, 19-июнда кыргызстандык грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат.

Мелдештер 19-23-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтөт.

Бүгүн балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килем үстүнө чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

60 кг — Жоламан Шаршенбеков;

67 кг — Амантур Исмаилов;

67 кг — Раззак Бейшекеев;

77 кг — Акжол Махмудов;

97 кг — Үзүр Жузупбеков;

— башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев;

— улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

59 кг — Калмира Билимбек кызы;

62 кг — Айсулуу Тыныбекова;

68 кг — Мээрим Жуманазарова;

76 кг — Айпери Медет кызы;

— башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

Эң көп окулган жаңылыктар