18:55
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Олимпиада-2024. Кыргызстандык балбандар Түркиядагы турнирде жолдомо үчүн күрөшөт

Кыргызстандык спортчулар Үзүр Жузупбеков менен Роман Ким Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

Түркияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча лицензиялык турнирде Үзүр Жузупбеков (97 килограмм) 1/16 финал баскычынан баштап, Болгариялык спортчуну жеңди. Бирок кийинки беттеште финляндиялык атаандашына утулуп калды. Финляндиялык балбан финалга чыкты, ал эми Үзүр Жузупбеков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Роман Ким (130 килограмм) 1/8 финалда азербайжандык спортчудан утулуп калды. Бирок анын атаандашы финалга чыгып, кыргызстандык балбан үчүнчү орун үчүн күрөшөт.

Андан кийин үчүнчү орунду ээлеген эки спортчу лицензия үчүн кайрадан килемге чыгышат. Белгилей кетсек, алгачкы үч орунду ээлеген спортчулар жолдомо алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар