10:37
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Кыргыз спортчулары эки коло алды

Кыргызстандык спортчулар Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында эки медаль утушту. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

Турнирдин биринчи күнүндө беш комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандык спортчулар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов үчүнчү орунду ээлешти.

Бүгүн эркектер арасында эркин күрөш боюнча чемпиондор аныкталат.

Эскерте кетсек, 19-21-апрель күндөрү Бишкекте олимпиадага тандоонун алкагында турнир өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар