Франция курама командасынын жылдыз чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпионатынын калган тайпалык баскычында Голландия жана Польшага каршы беттештерге катыша албайт.
Le Figaro басылмасынын маалыматы боюнча Франциянын чабуулчусу плей-офф үчүн гана талаага кайта алат жана атайын коргоочу бет кап кийип ойнойт.
Дидье Дешамдын командасынын 1:0 эсебинде жеңиши менен аяктаган 2024-жылкы Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын 1-турунда Франция менен Австриянын беттешинин соңунда Килиан австриялык коргоочу Кевин Дансо менен кагышып, мурдун сындырып алды. Жыйынтыгында ал беттешти аяктай албай, 90-мүнөттө алмаштырылды. Кийинчерээк Мбаппе операция болбой тургандыгы маалым болгон.
Тайпалык баскычтын 2-турунда Франция курамасы Голландия менен беттешет. Беттеш 21-июнда Лейпцигде өтөт.