Эртең, 14-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29,
Баткенде түнкүсүн +15...+20, күндүз +33...+37,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +27...+29 градус ысык.