03:49
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Чүй проспектисин оңдоо үчүн жабуу пландалууда

15-июлдан тарта Чүй проспектисин оңдоо үчүн жабуу пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаевден Медеровго чейинки бөлүгү жолдорду капиталдык оңдоо үчүн жабылды.

Жол тыгынын болтурбоо максатында 15-июлдан тарта Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө (1-этап) оңдоо иштерин баштоо чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, 2024-жылы алты негизги көчөнү реабилитациялоо пландалууда. Жакынкы аралыкта иш башталары күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар