Бишкектеги Батыш автобекетинин имаратына Мамлекеттик каттоо жайгаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына көчүрүлүп жатканын эскертти. Бул калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда.
«Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскирип баштаган. Өлкө жетекчилеринин колдоосу менен эски автобекеттер толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат», — деп жазды ал.
Анын айтымында, Батыш автобекетинин имаратына Мамлекеттик каттоо жана калкты тейлөө борбору жайгаштырылышы мүмкүн.
Каныбек Туманбаев автобекеттеги ижарачыларга алдын-ала кабар берип, алар менен келишимди бузуу жол-жобосун баштоо керек экенин кошумчалады.
Эске салсак, 2023-жылдын аягында мэрия айланма жолдо Чыгыш автобекетинин ордуна жаңы автобекет салынарын, ал жакка чейин шаардык автобус каттамы ачылганын билдирген. Январдын ортосунан баштап автобекет расмий түрдө иштей баштады, ал жерге Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген кичи автобустар токтошот.
Апрель айынын аягында Чыгыш автобекетинин имараты жана аймагы Бишкектин менчигине өткөн.
Үчүнчү кварталда Батыш автобекетин көчүрүү пландалууда. Ал Васильевкский тракт боюнча Достук айылынын батыш тарабында болот. Азыр курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча жаңы автобекетке Чүй облусунун батыш бөлүгү аркылуу эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдар барат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, автобекеттерди шаардын сыртына чыгаруу үчүн кеминде 25 миллион доллар керектелет.