Трансулуттук кибер кылмыштуу топтун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу Кыргызстандын жарандарынын акча каражаттарын алып чыгуунун кылмыштуу схемасы аныкталды.
«Кылмыштуу топ социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратып, аларды активдештиргенден кийин колдонуучулар электрондук капчыктарындагы акчаларын жоготуп алышкан», — деп айтылат маалыматта.
Эки чет элдик жана Кыргызстандын эки жараны кармалды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.
УКМК жарандарды күмөндүү шилтемелерди ачпоого жана банктык операцияларды жүргүзүүдө этият болууга чакырат.
Банк операциялары боюнча алдамчылардын курмандыгы болгондор УКМКга

