12:43
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров президентке бир катар акимдерди кызматтан алууну сунуштады

Президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке айрым райондордун акимдерин жана алардын орун басарларын кызматтан бошотуу боюнча сунуштарын киргизди. 

Тизмеге төмөнкү райондордун акимдери жана орун басарлары кирди:

  • Кемин районунун акими Алайбек Жумаев;
  • Кемин районунун акиминин биринчи орун басары Акылбек Мурсалиев;
  • Кемин районунун акиминин орун басары Кайрат Жетенбаев;
  • Кемин райондук администрациясынын аппарат башчысы Б. Алиев;
  • Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
  • Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаев;
  • Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Дүйшембиев.
Эң көп окулган жаңылыктар