20:50
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Салык кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Суу районунда салык кызматынын башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Ал 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

«Ишкер арыз менен кайрылып, Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн башчысына карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, кызматкер андан Кыргызстанга тогуз унаа ташып келүүдөн пайда болгон 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Шектүү 27-апрелде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума