20:59
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы битумду жогорулатылган баада сатып алган

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери жана битум жеткирүүчү фирманын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар битумдун баасын мыйзамсыз жогорулатууга шектелүүдө.

«Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Алар битум жеткирген ишкана менен тил табышып, аталган материалды жогорулатылган баада сатып алышкан. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 12 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

«Бишкекасфальтсервис» 2023- жылдын июнь айында «П» ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Ал бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны койгон, тагыраагы 1 тонна үчүн 46 миң сом, ал эми 1 миң тоннасы үчүн 46 миллион сом белгиленген. Ал эми ушул сыяктуу үлгүдөгү битумдун 1 тоннасынын орточо базар наркы 31 миллион 71,72 сомдун тегерегин түзөт, бул бажы алымдарын кошпогондо. Ал эми бажы алымы менен 33 миллион 138,81 сом болот.

«П» ЖЧКсы ушул күнгө чейин «Бишкекасфальтсервиске» 1 миң 63 тоннадан ашык битумду 45 миллион 928 миң 917 сомго жеткирген. Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында, битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 12 миллион 769 миң сомду түздү. Иликтөөнүн жүрүшүндө «Бишкекасфальтсервистин» башкы инженери жана «П» ЖЧКсынын директору кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн оңдоп-түзөө иштерин сапатсыз жана өз убагында жүргүзбөгөн подрядчиктерге карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума