21:31
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Жумгал районунда муниципалдык кризистик борбор ачылды

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында Нарын облусундагы алгачкы «Асылзат» муниципалдык кризистик борбору ачылды. Маалымат USAID уюмунун Facebook баракчасында жарыяланды.

Белгиленгендей, кризистик борборду түзүү Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек муниципалитети тарабынан демилгеленип, «НурЖолБер» коомдук бирикмесинин колдоосу менен ачылган. Ал зомбулукка кабылган жана жардамга муктаж болгондор үчүн ишенимдүү таяныч болуп берет.

Кошумчалай кетсек, кризистик борбор бардык зарыл нерселер менен жабдылган жана зомбулукка кабылган төрт адамды кабыл алууга даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума