USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Нарын облусунда унаа чогултуучу завод ачылат

14:53, 30 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунда унаа чогултуучу завод ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Завод «Кыргыз почтасы», «Нарын» эркин экономикалык аймагы жана «Кашкар» эркин экономикалык аймагынын кызматташуусу менен түзүлгөн «Эки өлкө, эки аймак» демилгесинин алкагында ачылат. 

 «Жиабо» компаниясы, «Кыргыз почтасы» жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Жиабо» компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытайлык инвесторлор завод куруу үчүн жер тилкелерин карап жатышат.

Курулуш аяктагандан кийин, бензин, электр жана газ менен жүргөн унаалардын ар кандай түрлөрүн чыгаруу башталат. Жергиликтүү тургундар үчүн 100дөн 1 миңге чейин жумуш орундары түзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика