08:19
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Биринчи кварталда ММКФ дары-дармек сатып алуу үчүн 443,7 миллион сом бөлгөн

Бейтаптарга медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду биринчи кварталда дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (шприцтер, системалар, кол каптар жана башка) сатып алуу үчүн 443,7 милллион сом бөлгөн. Бул жөнүндө мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул каражаттар «Бирдиктүү төлөөчү» системасында иштеген 149 саламаттык сактоо уюмуна берилди. Башкача айтканда, саламаттык сактоо уюмдарынын 2024-жылдын биринчи кварталына дары-дармек каражаттарын сатып алуу үчүн финансылык ресурстарга болгон муктаждыктарын 100 пайыз камсыз кылды», — деп айтылат маалыматта.

ММКФ финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык чыгашаларды пландоого жана бейтаптарды жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесиндеги зарыл дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууга тийиш экендигин эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин дары-дармектердин тартыштыгы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирген. Бул маселе тууралуу далилдүү медицина боюнча эксперт, Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова да Facebook баракчасында жазган. Анын айтымында, дары-дармектер түгөнүп же таптакыр жок болуп жатат, ал эми аларды жеткирүү боюнча «Кыргызфармацияга» арыздар жыл башында эле берилген.

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы калк арасында дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2023-жылдын мартында түзүлгөн. Мамлекеттик ишкананы түзүү менен дары-дармектерди сатып алууда 300 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлгөнү маалымдалган.

Саламаттык сактоо министри ушул жылдын экинчи кварталына дары-дармектер сатылып алынып жатканын билдирди. Анын айтымында, 15-апрелге чейин 290 саламаттык сактоо уюму берилген арыздар боюнча 100 пайыз камсыздалат.

Эң көп окулган жаңылыктар