23:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

86 нотариус мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылды

Кыргызстанда ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн 86 нотариус жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 90 мамлекеттик жана 390 жеке нотариус бар.

«Жеке нотариустардын ишмердүүлүгүнөн жыл сайын мамлекеттин бюджетине 185 миллион сомдон ашуун каражат түшөт. Эскерте кетсем, 1-февралдан тарта электрондук нотариат киргизилген», — деп кошумчалады Орозбек Сыдыков.

Эң көп окулган жаңылыктар