10:06
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Бишкекте өтө турган хоккей боюнча дүйнө чемпионатына алты команда катышат

Бишкекте 10-16-март күндөрү хоккей боюнча үчүнчү дивизионунун дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Турнирге Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары катышат.

Жеңүүчү экинчи дивизионго чыгат.

Үчүнчү дивизионго Кыргызстандын курамасы 2022-жылы көтөрүлүп, Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алган. 2023-жылы кыргызстандыктар В тайпасында үчүнчү дивизиондун дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар