USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Акылбек Жапаров кыргыз радиолору санарип диктор колдонуп жатканын айтты

09:49, 29 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик радиоканалдарында жаңылыктарды санарип диктор окуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 28-февралда Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форумунда айтты.

Жапаров санарип дикторлор кайсы радиолордо колдонулуп жатканын тактаган жок. Ал жасалма интеллектти өнүктүрүү маселесине токтолуп, 2023-жылы кыргыз тилиндеги жасалма интеллект үчүн бюджеттен суперкомпьютер сатып алынганын кошумчалады. Жапаров муну жасалма интеллектте кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадам катары сыпаттады.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз Chat GPT түзүү тууралуу сүйлөп, бул үчүн өкмөт IT коомчулугу менен биргеликте иштөөгө ачык экенин белгиледи.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында былтыр NVIDIA үлгүсүндөгү суперкомпьютер сатып алган. Расмий кабарда айтылгандай, анын эсептөө кубаттуулугу 1 петафлопс жана секундасына 1 квадриллион операцияны аткарууга жетет.

Chat GPT — Чат-бот же адам менен диалог түзө алган компьютердик программа. Ал тапшырмага ылайык эссе, ыр жазып, программалык код түзө алат. Андан тышкары, бизнестин бет ачар долбоорлорун жана жарнамалык тексттерди даярдайт. Айрым телерадиоканалдар санарип алып баруучуну колдонууга өтөрү айтылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика