02:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сот 24.kg агенттигинин өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 6-февралда 24.kg агенттигинин өтүнүчүн карап, четке какты.

Адвокат соттон тергөөчү маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүү учурунда адвокаттарды киргизбегенин, журналисттерге кеңседе ишин улантуусуна тыюу салышын мыйзамсыз деп табууну жана журналисттерге маалыматтарды эч кимге айтпоо талабын мыйзамсыз койгонун таанууга чакырган. Сот адвокаттын өтүнүчүн жабык карады.

Судья Мирлан Шерматов жана Турат Бекенов тергөөчүнүң аракеттеринде мыйзамсыздык жоктугун белгилеп, адвокаттын өтүнүчүн четке кагышты.

Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков журналисттерге билдирди. Адвокат райондук соттун чечимине карата Бишкек шаардык сотуна даттануу жолдонорун да кошумчалады.

6-февралда Кыргызстандагы белгилүү медиа уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоочулар, медиа эксперттер жана журналисттер тобу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин ачууга чакырды.

Мунун алдында 24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева өзү да порталдын айланасындагы иштер боюнча Ташиевге кайрылып, алар тергөөгө керектүү бардык маалыматтарды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө даяр экендиктерин, иликтөө уланып жаткан маалда кеңсесин ачып турууну өтүнгөн.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Мындан кийин Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар