11:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

11 журналисттин кармалышы. Айке Бейшекеева 13-майга чейин камакта калтырылды

Temirov Live медиасынын журналисти Айке Бейшекеева 13-майга чейин камакта калтырылды. Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, башка кармалгандардын даттануу арыздары 1-апрелде каралат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык соту Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Эске салсак, буга чейин сот сегиз журналисттин — Махабат Тажибек кызынын, Айке Бейшекееванын, Актилек Капаровдун, Жоодар Бузумовдун, Азамат Ишенбековдун, Сайпидин Султаналиевдин, Максат Тажибек уулунун жана Тыныстан Асыпбековдун камактагы мөөнөтүн 13-майга чейин узарткан.

16-январда Temirov Live медиасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар