02:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам артка кайтарылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарылып алынды. Бул тууралуу Facebook баракчасында өлкө башчысынын басма сөз катчысы Садыр Жапаров билдирди.

Ал буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоору болгонун эскертти.

«Жолугушуунун жыйынтыгында, президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды», — деп жазды Аскат Алагөзов.

Белгилей кетсек, президенттик администрация иштеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке январдын башында түшкөн. Бул документтин бешинчи версиясы, аны 2022-жылдын декабрында мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү толуктап иштеп чыгышкан. Бирок долбоор жеткире иштелип чыккан эмес жана жумушчу топтун бардык мүчөлөрү тарабынан макулдашылып, жактырылган эмес. 

Эң көп окулган жаңылыктар