00:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

11 журналисттин кармалышы. Шаардык сот аларды камакта калтырды

Бишкек шаардык соту кармалган беш журналисттин адвокаттарынын арызын карады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Махабат Тажибек кызы (кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы), Максат Тажибек уулу (кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы), Тыныстанбек Асыпбеков (кармалышынын мыйзамдуулугу), Актилек Капаров (кармалышынын мыйзамдуулугу), Сайпидин Султаналиев (бөгөт чарасы), Жоодар Бузумов (бөгөт чарасы) жана Азамат Ишенбековго карата соттук материалдар каралды.

«Сот коллегиясынын чечими менен биринчи инстанциянын токтомдору өзгөртүүсүз калтырылды, апелляциялык даттануулар канааттандырылган жок», — деп билдиришти соттон.

Эске салсак, 16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар