20:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

11 журналисттин кармалышы. Үчөөнүн бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Бишкек шаардык соту Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Биринчи май райондук сотунун 12-марттагы токтомдору күчүндө калтырылды.

Эске салсак, буга чейин сот сегиз журналистти — Махабат Тажибек кызын, Айке Бейшекееваны, Актилек Капаровду, Жоодар Бузумовду, Азамат Ишенбековду, Сайпидин Султаналиевди, Максат Тажибек уулун жана Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган.

16-январда Temirov Live медиасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар