01:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

11 журналисттин иши: Үчөө үй камагына чыгып, калганы абакта калды

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, журналисттер Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган чечим чыгарды.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыкты. «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкты.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Темиров LIVE» медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

ИИМ «Айт Айт Десе» жана «Темиров LIVE» баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» беренесинин үчүнчү бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Эң көп окулган жаңылыктар