19:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында ишкерлерден акча опузалаган жарандар кармалды

УКМК кыргыз-казак чек арасында ишкерлерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандарын кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги трансулуттук кылмыштуу топ Кыргызстанда иштеген жеке ишкерлерден опузалап акча алуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган.

Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси «экономикалык контрабанда» боюнча кылмыш иши козголду. Кыргызстандын М. О. Р. жана С. у. Т. Аттуу жарандары кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жарандар

Кылмыш схемасына тиешеси бар жогорку кызматтагы жана кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар