2024-жылы социалдык чегерүүлөр боюнча реформалар башталат, «жеңилдик жана кыскартуулар» болот. Бул тууралуу бүгүн II Бишкек салык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүн 27,25 пайыздан 14, ал тургай 12 пайызга чейин кыскартуу боюнча чечим даярдалууда. Буга өлкө президенти Садыр Жапаровдун макулдугу бар. Министрлер кабинетинин каржы блогунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлүп, азыр министрлер кабинети камсыздандыруу төгүмдөрүн 12 пайызга чейин кыскартууга ыктап жатат.
«Бул үнөмдөлгөн каражаттын бир бөлүгүн эмгек акыны көбөйтүүгө жумшоого жардам берет. 27,25 пайыздык жүк өтө чоң. Ошондуктан биз реформалардын жана КНСтин натыйжасын көрбөй жатабыз. Биз «бир салык төлөөчү — бир салык» принцибине келгибиз келет», — деди Акылбек Жапаров.