Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түндө катталган жер титирөө тууралуу маалымат берди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь күнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
«Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.