19:59
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Акылбек Жапаров министрлер кабинети 2024-жылы эмне кыларын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун угуп, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров бийликтин аткаруу бутагынын үч жылдык мезгилдеги иштеринин жыйынтыктарына токтолуп, быйыл административдик-территориалдык реформа жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

«Быйылкы ишибиздин башкысы — административдик-территориалдык реформа. Азыр бардык маселелерди айтып талкуулап, сурап, чечип кетиңиздер. Бул реформа экономикалык жактан өнүгүүбүзгө чоң түрткү болот. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет, ага карата бардык жерде көзгө көрүнөөрлүк 100 иш аткарылсын», — деди Акылбек Жапаров.

Ал өнүктүрүү фонддору боюнча өзгөчө сөз болушу керектигин айтып, облустун жана райондун өнүктүрүү фонддоруна жалпысынан 2,8 миллиард сом түшүп, анын 1,7 миллиард сому жумшалганын билдирди.

«Өнүктүрүү фонддору» деп аты эле айтып тургандай, каражаттар өнүктүрүүгө гана жумшалсын. Юбилей-тойлорго кетти деген сөздөр болбосун! Пайдалуу иштерге жумшалышын контролго алгыла, багыт бергиле. Кыргыз-орус, өзбек, венгер фонддоруна жана кепилдик фонду сиздерде кандай долбоорлор өтөт, алар кандай формада жазылышы керек, кандай пункттарына көңүл буруу маанилүү — булар боюнча аймактарга ушул күндөрү үйрөтүңүздөр«, — деди ал.

Акылбек Жапаров быйыл 250 миң жумуш орундарын түзүү башкы артыкчылык болушу керектигин билдирди.

«Ар бир ишкердин, инвестордун артынан чуркоо керек. Эмгек ресурстарына болгон мамилебизди түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу учуру келди. Биздин динамикалуу экономикабыз жумушчу колдорго муктаж, жетишпейт жатат. ЖОЖдордун алдында квалификацияны жогорулатуучу жана кесиптик-техникалык курстарды ачуу зарыл. 16 жаштан 60 жашка чейин бардык каалоочулар жаңы квалификацияга ээ болушу керек», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Мындан тышкары ал аймактарда өндүрүш ишканаларын жандантууну, ошондой эле Салык кызматына аларды жетиштүү деңгээлде ККМ менен камсыз кылууну тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар