18:23
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат

Мамкурулуш KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде мекеменин башчысы Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат.

KG Group компаниясынын лицензиясын кароого мажбур болуп жатканыбызды ачык эле айтып коёюн

Нурдан Орунтаев

Ал белгилегендей, Бишкекте KG Group компаниясынын тогуз объектиси бар. Алардын ичинен үчөө тургузулуп, колдонууга берилген. Калгандары курулуп жаткан объектилердин реестринде, бирок иш жүзүндө аларда адамдар жашап жатат.

«KG Group компаниясынын шалаакылыгынын аркасынан ошол үйлөрдө жашап жаткан жарандар суу, электр жарыгы, жылуулук үчүн коммерциялык түрдө төлөп жатышат. Алар элдин акчасын чогултуп алып, өз милдеттерин аягына чейин чыгарбастан орто жолдо таштап салган. Имамидин Ташов патриот экенин айтып жатат. Андай болсо, эмне үчүн «Көк-Жардан» 20 сотык жерди бала бакча куруу үчүн алып, үй куруп таштаган. Азыр ал телефон аркылуу мен кыйын ишкермин, мен тигинткенмин, минткенмин дегени туура эмес. Ошондой сөздү сүйлөгөндөн мурун өзү куруп жаткан объектилердин жумуштарын аягына чыгарып, анан сүйлөсө жарашмак»,— деди ал.

Ошондой эле, Нурдан Орунтаевдин айтымында, компниянын мыйзамсыз курган бир объектиси бар. Ал жерде жарандар жашайт.

«Биз курулуш компаниялардын ишине кийлигишпейбиз. Салсын, турак жай фондун көбөйтсүн. Бирок бардык нерсе мыйзамдуу түрдө болушу керек», — деп жыйынтыктады чиновник.

Белгилей кетсек, буга чейин KG Group компаниясынын үлүшчүлөрү УКМКнын имаратынын алдына чогулган. Алар бир нече жыл мурун сатып алган батирлерин ала албай жатышканын айтышкан.

KG Group курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго карата кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Ага издөө жарыяланды.

Буга чейин УКМК Бишкекте KG Group компаниясы тарабынан алты көп кабаттуу үй курулганын билдирген. Бирок бул объектилердин бири дагы уруксат кагаздары жок болгондуктан пайдаланууга берилген эмес.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Имамидин Ташовдун видеокайрылуусу жарыяланып, анда ал «бандиттик жол менен уурдалып», туткунда кармалып, мамлекеттин пайдасына которулган 52 миллион сомдон тышкары, андан дагы 100 миллион сом талап кылышканын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар