13:07
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Акылбек Жапаров Европарламенттин депутаттары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан — Европа Биримдиги» парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, депутат Томас Здеховский баштаган Европарламенттин депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Лейла Лурова, Гүлшаркан Култаева, Кыргызстандын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Айдид Эркин, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йозефсон катышты.

Акылбек Жапаров депутаттарды «Кыргызстан — Европа Биримдиги» парламенттик кызматташтык комитетинин 16-жыйынынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

«Быйылкы Европарламент менен болгон байланыштардын тыгыздыгы бизди кубандырат. Парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин Бишкекте өткөрүлгөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы биздин Европа Биримдиги менен салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелерибизди мындан ары дагы чыңдоого кызмат кылат деп ишенем. Биз Европа Биримдиги менен эки тараптуу жана аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенебиз, бул биз үчүн маанилүү», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы беш жылдыкта Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, өлкө гидроэнергетикалык ресурстарга бай, күн жана шамал электр станцияларын курууга мүмкүнчүлүк жогору. Аларды өнүктүрүү экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрүүгө гана салым кошпостон, климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтат.

«Ушуга байланыштуу мен сиздер аркылуу сиздердин мамлекеттердин инвесторлорун жана каржы институттарын энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду жана башка «жашыл» долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырам», — деди Акылбек Жапаров.

Европарламенттин депутаты Томас Здеховский өлкөнүн жарандык коомду өнүктүрүүдө, эркиндиктерди жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда, экономикалык жана санариптештирүү реформаларын жүргүзүүдөгү ийгиликтерин белгиледи. Ал Кыргызстан Европа Биримдигинин маанилүү өнөктөшү экенин, эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтулаарын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар