15:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда жыл сайын электр энергиясын керектөө 5-7 пайызга өсүүдө

Жыл сайын электр энергиясын керектөө 5-7 пайызга өсүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы электр энергиясын суткалык керектөө 4 миллион киловатт-саатка көбөйгөн. Эгерде өткөн жылы суткасына 62 миллион киловатт-саат керектелсе, азыр 66.

Жолдошбек Доктурбай уулу кошумчалагандай, 2022-жылдын январь айында электр энергиясын максималдуу пайдалануу катталган — суткасына 75 миллион киловатт-саат.

«Өткөн жылы январь айында абдан суук болгондуктан, керектөө көбөйдү. Бирок биз электр энергиясын нормадан жогору колдоно албай турганыбызды эске алуу керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар