20:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы Кыргызстанга 3,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясы импорттолду

2023-жылы электр энергиясынын импорту 3,2 миллиард киловатт-саатты түздү. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Казакстан, Түркмөнстан жана Россия менен келишимдер түзүлгөн.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, январь-октябрь айларында «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» 10 миллиард 671 миллион киловатт-саат электр энергиясы келип түшкөн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 871,1 миллионго көп. Өткөн жылы бул көрсөткүч 9 миллиард 800 миллион киловатт-саатты түзгөн.

«0,4-35 киловольт тармактарында электр энергиясынын жоготуулары 2023-жылдын январь — октябрында 10,29 пайызды же 1 миллиард 97,9 миллион киловатт-саатты түздү, бул ченемден 0,82 пайызга аз. 110-500 киловольт тармактарында электр энергиясынын техникалык жоготуулары 698,34 миллион киловатт-саатты же 5,35 пайызды түздү», — деди Энергетика министрлигинин башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар