15:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кургак учук жана ВИЧти дарылоо үчүн Кыргызстанга жылына 500 миллион сомдой керек

Эгерде Глобалдык фонд каржылоону токтотсо, кургак учукту жана ВИЧти дарылоо үчүн бюджеттен жылына 400-500 миллион сом бөлүнүшү керек. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган жыйында «Партнерская сеть» Саламаттык сактоо программалар ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка дары-дармектер, тесттер жана реагенттер сатылып алынат.

«Кийинки жумада Глобалдык фонддун аймактык менеджери келет. 5-декабрдан 8-декабрга чейин келишимге кол коюлабы же жокпу чечилет. Эгер коюлбаса, анда өлкө жаңы арыз бериши керек», — деди Айбар Султангазиев.

 Ал белгилегендей, 2024-жылга кургак учук жна ВИЧ боюнча бардык дары-дармектер сатылып алынган.

Ал 2025-жылга карата дарылоону каржылоого олуттуу коркунуч бар экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, сентябрь айында Глобалдык фонд СПИД менен күрөшүү үчүн каржылоону токтоткону белгилүү болгон. Себеби Женевадагы Глобалдык фонддун 2024-2026-жылдарга карата өлкөлөрдүн өтүнмөлөрүн талкуулоо боюнча жыйынына Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү барбай калган. Фонддун аймактык менеджери Димитру Латичевский Кыргызстандын арызы боюнча сүйлөшүүлөр токтотулганын билдирген. Ага чейин Глобалдык фонд 2026-жылга чейин өлкө үчүн 27,8 миллион доллар акча бөлүүнү колдогон болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар