21:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү банктык карталардын саны 6,3 миллионду түздү

2023-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча жүгүртүүдөгү банктык төлөм карталарынын жалпы саны 6 миллион 344,1 миңди түздү. Мындай маалыматтарды Улуттук банк билдирди.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карталардын саны 36,1 пайызга, ал эми 2023-жылдын башына салыштырмалуу 21,2 пайызга өскөн.

Анын ичинде өлкөдө 3 миллион 220,1 миң «Элкарт» улуттук системасынын карталары (50,8 пайыз), 2 миллион 956,9 миң VISA системасынын карталары (46,61 пайыз), 52,5 миң Masterсard, 93,1 миң  «Золотая Корона» жана 21,3 миң Union Pay карталары колдонулат.

Эң көп окулган жаңылыктар