21:54
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

«Kloop» басылмасы Бишкектин административдик сотуна кайрылды

«Kloop» порталынын юристтери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы эки арыз жазып, Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу маалымат сайттын Telegram социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Биринчи доо арыз министрликтин 7-8-сентябрдагы эки чечимин жокко чыгарууну талап кылуу жөнүндө. Анда Маданият министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде «Клооптун» сайтындагы «Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди» деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин «Клоопко» тапшырган жана «Клооптун» юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

«Клооптун» экинчи доо арызы министрликтин 9-октябрдагы чечимине байланыштуу. Анда Маданият министрлиги Kloop.kg сайтынын орус тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

«Kloop» доо арыздарында соттон Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин чечимдерин толугу менен жокко чыгарууну жана аларды жараксыз деп табууну өтүндү.

Андан тышкары Бишкек шаардык прокуратурасы «Kloop» порталын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында «Kloop» басылмасы «азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы» жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары «эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын» жүйө келтирген.

«Клооптун» башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин «Клооп Медиа» мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануу билдиришкен. «Kloop» 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума