12:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Түмөнбаев Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керектигин айтты.

«Бүгүнкү күндө президент, УКМКнын төрагасы тарабынан коррупцияга каршы аёосуз күрөш болуп жатат. Райым Матраимов менен табакташ болуп, жандап жүргөн деген эки-үч депутат кетти, дагы кетиребиз деп аракеттерин кылып жатышат. Өкмөттө иштеген министрден баштап кетирип жатышат. Бирок ошолордун арасында аты аталбай, унутулуп калган, ошол Райым Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилерибиз мамлекеттин эсебинен жашап, мамлекеттин машинасын минип, акчасын алып жүрөт. Ал Сооронбай Жээнбеков», — деди ал.

 Депутат Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эсебинен жашабашы керек деп эсептейт.

«Алмазбек Атамбаев жана Икрам Илмиянов Райым Матраимовду колдоп, жетекчилик кызматка чейин алып келип, бүгүнкү күндө эч кандай жоопко тартылбай жүрүшөт. Сооронбай Жээнбеков азыр экс-президент болуп, резиденцияда отурат. Садыр Нургожоевич аны экс-президент кылып калтырдык деп айтып келет. Андай болбошу керек. Коррупция менен күрөш жүрүп жатабы, ар бир адам жооп бериш керек. Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Алманбет Салиев деген болгон. Ал укук коргоо органын гана көзөмөлдөбөстөн соттук иштерге дагы аралашып, мыйзамдуу иштерди мыйзамсыз, мыйзамсыз ишти мыйзамдуу кылып келген. Алар эмнеге жооп бербейт? Алмазбек Атамбаевдин шоопуру Икрам Илмиянов эмнеге жооп бербейт?», — деди депутат.

 Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«ЖЭБ жарылган учурда Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп отурган. Пандемия учурунда жардам катары келген 600 миллион долларды дары-дармекке сарптабай башка жакка жумшап жиберип, канча деген адамдар каза болду», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар