08:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Энергетика министринин орун басары: өлкөдө 25ке жакын майнинг-компания катталган

Кыргызстанда 25ке жакын майнинг-компания катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, алардын сегизи келишимдин негизинде чакан ГЭСтерден электр энергия алышат.

«Министрликтин алар менен бир дагы келишими жок. Кеминдеги SolarCoin майнинг компаниясы электр энергиясын Россиядан Казакстан аркылуу транзит менен алат», — деп кошумчалады ал.

Депутат Тазабек Икрамов электр энергиясы майнинг компанияларга берилип, ошондон улам чектөөлөр киргизилип жатканын айтты. Ал ошондой эле «Камбар-Атадагы» майнинг компаниясы тууралуу сурады.

«Менин маалыматым боюнча, Камбар-Атада майнинг жок», — деп жооп берди Атабек Абылгазиев.

Эл өкүлү Камбар-Ата ГЭСинде майнинг бар экенин жана бул тууралуу баары билерин белгиледи.

Депутат Исхак Масалиев Камбар-Ата ГЭСиндеги майнинг тууралуу президент өзү айтканын эскертти.

Эскерте кетсек, буга чейин Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бир гана майнинг-ферма иштеп, ал электр энергиясын Казакстандан аларын билдирген. Бирок Казакстандын Энергетика министрлиги кийинчерээк бул маалыматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар