08:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Медер Алиев депутат Айбек Осмоновдун коррупцияга тиешеси жок экенин билдирди

Депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптеши Айбек Осмонов тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, депутат өлкөдөн качкан эмес.

«Массалык маалымат каражаттарында биздин кесиптешибиз Айбек Осмонов тууралуу сөздөр тарап жатат. Өткөндө өзү менен сүйлөшкөндө айткан: эки-үч жылдан бери ар бир февраль айында ден соолугун чыңдоо үчүн чыгып турам деп. Мен ойлойм негизсиз, алдын ала маалымат болбошу керек деп. Биздин пикирибизде негизи ал туура мыйзам долбоорлорун демилгелеп, жакшы эле иштеп жаткан депутат», — деди Медер Алиев.

Ошондой эле ал Айбек Осмоновдун коррупционерлер менен байланышы жок экенин билдирди.

«Өткөндө Жогорку Кеңеште кесиптештерим менен белгилүү бажычыга (Райымбек Матраимовго) кандай тиешең бар деп сураганбыз. Ал эч кандай мамилем жок деп айтты.Тергөө ким болбосун, министр, депутат же көчөдө тачка түрткөн адам болобу объективдүү, принципиалдуу, ар тараптуу каралышы керек. Кылмыш жасаган болсо, мыйзам чегинде жоопко тартылсын», — деп белгиледи депутат.

Ал коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш күчөшү керектигин кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине депутаттар Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазовдун парламент жыйындарына катышпай жатканы боюнча комментарий берген.

Мекеменин маалыматына караганда, Айбек Осмонов 26-февралдан май айына чейин өргүү алган. Шайлообек Атазов белгисиз мөөнөткө ооруп жатканы тууралуу баракча (больничный) алган. Белгилей кетсек, журналисттердин маалыматы боюнча, эки депутат тең өлкөдөн чыгып кетишкен.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар деп айтылган «Регион ТВ» телеканалы Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу сюжеттерди чыгарган. Аларда экс-бажычынын бир тууганы Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, ошондой эле «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын аты аталган. Респонденттер Жогорку Кеңештин бул депутаттары мандаттарын ыктыярдуу өткөрүп бериши керектигин белгилешкен.

Аталган эфир чыккандан кийин Борбордук шайлоо комссиясы депутаттар Абдывахап Боронбаев, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө» боюнча шектелүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар