11:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

БШК Жогорку Кеңештин эки депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу бүгүн БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Боршайкомдун шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеевдин айтымында, 2009-жылдан 2020-жылга чейин Бажы кызматында ар кандай кызматтарды аркалаган Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктары да токтотулду.

Чечим Искендер Матраимов Менен Нурлан Ражабалиевдин берген арызынын негизинде кабыл алынган.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар делген «Регион ТВ» телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжеттерди чыгарган. Аларда экс-бажычынын бир тууганы Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, ошондой эле «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова айтылат. Респонденттер Жогорку Кеңештин бул депутаттары мандаттарын ыктыярдуу өткөрүп бериши керектигин белгилешкен.

Сюжетте «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Абдывахап Боронбаев тууралу да айтылган. Анын дагы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат Саидбек Зулпуевге өткөрүлүп берилген. Абдывахап Боронбаев парламентке келгенге чейин Түштүк-Батыш бажысын жетектеген.

Жалпысынан журналисттер төрт видеосюжет жарыялашкан, алар YouTube платформасына чыгарылган.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө» боюнча шектелүүдө.

Белгилей кетсек, «Регион ТВнын» башкы редактору Өткүрбек Рахманов буга чейин журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде канал Камчыбек Ташиевге таандык экенин тастыктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар