14:45
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Акылбек Жапаровдун Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейине катышкан видеосу тарады

Социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго окшош адамдын Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейинде куттуктоо айтып жаткан видеосу талкууланып жатат.

Мыйзамдагы ууру аталаган Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) жок кылынганга чейин эле тартылган кадрлардан жогорку даражалуу аткаминердин куттуктоо сөзүн айтып жатканын көрүүгө болот.

Видео так качан тартылганы белгисиз. Ал тойдо дагы кайсы аткаминерлер болгону такталган эмес.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Камчыбек Асанбектин апасы Майя Алиева 70 жашка толгон. Юбилейге карата кримтөбөл куттуктоо менен ролик тарткан. 2023-жылдын май айында ал 75 жашка чыккан.

4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Мындан кийин кримтөбөлдүн тарапкерлерин жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн, ошондой эле туугандарын, кудаларын массалык түрдө кармоо жана камакка алуу башталган.

Анын ичинде Камчы Көлбаев жана коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы үчүн мекеменин 50гө жакын кызматкери иштен алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума