01:05
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Бишкекте ECO TAXI муниципалдык кызматы 120 электромобиль менен толукталат

Бишкекте ECO TAXI муниципалдык такси паркынын унааларын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде мурда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында «Evion» жана кытай «Rizhao Xingxian Trading Co., Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

«Учурда экологиялык таксилерди киргизүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул демилге Бишкек шаарынын мэриясы менен жеке сектордун ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун үлгүсү болуп эсептелинет», — деп айтылат маалыматта.

Кызматташтыкты кеңейтүү жана шаардыктардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында ушул жылдын аягында 120 заманбап жана экологиялык таза электромобилдерди киргизүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, ECO TAXI муниципалдык кызматы пилоттук режимде октябрдын башынан тарта иштей баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар