14:33
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Кыргызстан «Яндекс.Таксини» монополист ишканалардын реестрине киргизди

Кыргызстан «Яндекс.Таксини» монополист ишканалардын мамлекеттик реестрине киргизди. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди.

«Мамлекеттик реестр «Яндекс.Такси.Корп» ЖЧК чарбакер субъектилери менен толукталды», — деп көрсөтүлгөн маалыматта.

Мунун менен компания рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект катары таанылды.

Былтыр ноябрда Орусиянын Федералдык монополияга каршы кызматы «Яндекс.Таксини» комиссиясы, баасы, жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды бөгөттөгөнү үчүн сынга алган. Компанияны рынокто үстөмдүк кылган сервис катары таанып, монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.

2023-жылы декабрда «Яндекс.Такси» монополияга каршы жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин Казакстандын мамлекеттик фондуна 6,5 миллион долларга жакын каражат төгүп, административдик жоопкерчиликке тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар